MegaCom (original) (raw)

Mega ЖАК
Түрү Жабык акционердик коом
Негизделген жылы 2005
Жайгашкан жери Кыргызстан Бишкек
Өндүрүшү Телекоммуникация
Продуктулары Уюлдук байланыш, Ыкчам интернет, 3G 4G Чыныгы ылдамдыкты сез
Урааны Ишенимдүү байланыш оператору
Сайт MegaCom.kg

Чүй облусуна караштуу Гроздь айылынын орто мектебиндеги Мегабилим долбоору

MegaАльфа Телеком» ЖАКы, мурдагы MegaCom) – Кыргыз Республикасынын телекоммуникация базарындагы GSM 900/1800 жана WCDMA/UMTS 2100 стандартындагы уюлдук байланышты көрсөтүүчү уюлдук компания. Өлкөнүн калк жайгашкан аймагында каптоону 97 пайызга камсыз кылуу менен, компания 3,4 миллиондон ашуун абоненттерди тейлейт. Өлкөнүн алдыңкы компаниялары, эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү, мамлекеттик түзүмдөр, дипломатиялык миссиялар Mega’нын корпоративдик кардарлары болуп эсептелет. MegaComдун корпоративдик кардарларынын саны эки миңден ашты жана тынымсыз өсүүдө. Компания Кыргыз Республикасынын ири салык төлөөчүлөрүнүн катарын толуктайт.

Mega – ISO 9001:2008 ISO 9001:2015 версиясынын сапаттык менеджмент тутумунун эл аралык тастыктоосунан өткөн, Кыргыз Республикасынын биринчи жана бирден-бир уюлдук оператору. Mega тейлөөнүн жогорку деңгээлин, кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири спектрин, туруктуу байланышты, тунук жана ыңгайлуу тарифтөөнү сунуш кылат. Компания, кардарлардын каалоолорун эсепке алуу менен, жаңы кызматтарды жана сунуштарды жайылтып, аларды үзгүлтүксүз ишке ашырып турат. Mega бизнести башкаруунун заманбап стандарттарына шайкеш келет.

Компания тармакты кеңейтүү, техникалык жактан өнүктүрүү жана оптимизациялоо боюнча тынымсыз иш алып барууда. Ай сайын базалык станциялардын саны көбөйүүдө. Mega дистрибьютердик түйүнү өз ичине 7000ден ашуун сатуу пункттарын камтыйт.

Mega командасы, компаниянын бизнес-стратегиясы менен белгиленген милдеттерди ишке ашырууну максат тутуу менен, өзүнүн тармактарында өз ишин мыкты билген адистерден турат. Адам ресурстары менен башкарууда компаниянын маанилүү аспектиси, кызматкерлерине инвестиция кылуу болуп саналат. Mega республикада биринчилерден болуп ички корпоративдик – «Эффективдүү менеджер мектеби» билим берүү долбоорун ишке ашырууда. Долбоор компаниянын жамаатынын адистигин, тышкы жана ички окутуу жолу менен, үзгүлтүксүз жогорулатууга багытталган. Компания Кыргыз Республикасынын калкын жумуш менен камсыз кылуучу ири ишканалардын катарына кирет.

Системалык мүнөздөгү компаниянын кайрымдуулук жана социалдык ишмердүүлүгү, компаниянын корпоративдик стратегиясынын бир бөлүгү болуп эсептелет жана анын баалуулуктарын көрсөтөт. MegaCom коомчулук алдындагы жоопкерчилигин баамдагандыктан, калктын жардамга муктаж болгон катмарын колдоого олуттуу салым кошот.

Биз адамдарды бириктирип, аларга профессионалдык жана жеке өсүү мүмкүнчүлүгүн берип, ар бирине чексиз баарлашуу жана тандоо эркиндигин тартуулайбыз.

Баалуулуктар:

Абоненттерге кам көрүү жана жоопкерчилик.

MegaCom компаниясынын иштөөсүндөгү негизги приоритет болуп жоопкерчиликке жана чынчылдыкка таянган абоненттерге максималдуу кам көрүү болуп эсептелинет, ошондой эле, көрсөтүлүп жаткан кызматтарды жана байланыштын сапатын жогорку деңгээлге көтөрүүгө умтулуу.

Кызматкерлер – Компаниянын эң негизги кенчи.

Биз күчтүү жана бириккен адистерден турган командабыз, эң негизги максатыбыз - ишибизде алдыңкылардын бири болуу. Кызматкер өз ишине кызыгып, милдетин чыгармачылык менен аткаруусу нормага айланып, ар бир кызматкер Компаниянын ишмердүүлүгүнө тийешелүү болуп, анын баалуулуктарын тең бөлүшүп, жалпы максатка жетүү үчүн өз салымын кошуусуна умтулабыз.

Тандоо эркиндиги

Тандоо эркиндиги – Компаниянын ишиндеги эн алдыңки приоритеттердин бири болуп эсептелет. Компаниянын ийкемдүү тарифтик саясаты калктын муктаждыктарын эсепке алып турат, ал эми кошулууда ыңгайлуу шарттар калктын баардык катмарына мобилдик байланыш кызматынан пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет. Кошулуунун жеңилдиги, эсептөөнүн так системасы жана жогорку деңгээлдеги сервистик тейлөө Компанияны өлкөбүздүн телекоммуникация базарында өзгөчөлөнтүп турат.

Өнүгүү

Компания коммуникациялык инфраструктурага бир топ инвестицияларды салуу менен коммуникациясын өнүктүрүп жатат. GSM стандартындагы алдыңкы технологияларды пайдалануу менен Компания баарлашуу, маалымат менен иштөө жана маалыматтарды жөнөтүүдө абоненттерине жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып берүүдө.

Профессионалдуулук

Биздин Компания – Кыргызстандын уюулдук байланыш базарында мыкты абройго жетишүүгө умтулган, алдына эбегейсиз пландарды койгон жаш амбициялуу профессионалдар командасы. Компания өзүнүн кызматкерлери менен сыймыктанат жана кызматкердин профессионалдык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө ар дайым даяр. Ар бир кызматкер болсо, өз кезегинде адистигин терең билип, кызмат милдетине жоопкерчиликтүү жана кылдат мамиле жасап, алдына коюлган максаттарды сапатту жана өз убагында аткарууга умтулуп, жана ошондой эле өзүнүн адистигин өнүктүрүүгө аракеттенет.

Урматтоо жана кызматташуу

Компанияда кызматкерлердин оюн сыйлашат жана команданын мүчөлөрү ортосундагы айырмачылыктарга чыдамдуулук менен мамиле жасалат. Биз маселелерди ачык жана ак ниеттүүлүк менен чечип, өндүрүштүк маселелерди чогу караштырабыз. Абоненттер, өнөктөр жана мамлекеттик мекемелер менен ачык мамиле түзүү – бул бирдиктүү команданын ынтымактуу эмгеги, бул жерде ар бирибиз жалпы жыйынтык – Компаниянын ийгилиги - үчүн жооп беребиз.

Билим берүү, спорт, экология, маалымат-байланыш технологиялар тармактарындагы ири социалдык долбоорлорду ишке ашырууга жана үй-интернаттары жана Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине жардам көрсөтүүгө байланыштуу, жеке жана юридикалык жактарга демөөрчүлүк жана кайрымдуулук жардам көрсөтүү токтотулат.

MegaCom компаниясы, социалдык багыттагы мамлекеттик жеке өнөктөштүк, социалдык ишкердик жана кайрымдуулук сыяктуу социалдык демилгелерди өнүктүрүп келет. Компания жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган идеяларды жана демилгелерди колдоого алып, узак мөөнөттүү жана көп этаптуу долбоорлорун ишке ашырууга өттү. Бүгүнкү күндө, КСЖ алкагында компания тарабынан ишке ашырылып жаткан бир нече долбоорлор:

«MegaCom балдарга» – компания республика аймагындагы балдар үйлөрүн, анын ичинде колдоого өзгөчө муктаж болгон балдар интернаттарын колдоого алган. Балдар үйлөрүнүн өтүнүчү боюнча тарбиялануучуларын азык-түлүк, тиричилик техникалары, оюнчуктар жана кийим-кечелер камсыз кылып келет. Мындан тышкары, социалдык демилгелер алкагында, компаниянын өзгөчө таланттуу кызматкерлери балдар үчүн кол өнөрчүлүк боюнча устаттык сабактарды өткөрүп турушат. «Балдар кол өнөрчүлүк чеберканасы» долбоору – балдардын өз колунан жаралган буюмдарды компаниянын жамаатынын ичинде сатууга шарт түзөт.

«Улуу Жеңиш» «Жакшылык жана сый-урмат» күндөрүн белгилөө менен MegaCom компаниясы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, оорук эмгекчилерине, Ленинград блокадасынын катышуучуларына жана концлагердин туткундарына байма-бай колдоо көрсөтүп келет. Улуттук мобилдик оператор, майрамдарды утурлай жеке иш -чараларын өткөрөт жана Жеңиш күнүнө карата республикадагы 1000 ардагерге 2000 сом өлчөмүндөгү бир жолку акчалай жардамын тапшырат. Бул максаттарга жыл сайын 4 миллиондон ашык акча каражаты бөлүнөт.

«Mega Билим» билим берүү долбоорун ири бизнестин – MegaCom алдыңкы уюлдук байланыш операторунун корпоративдик социалдык жоопкерчилигинин алкагында ишке ашырган саамалыгы катары баалоого болот. Мурда болуп көрбөгөн мындай демилгени көтөрүү менен, компания өлкөнүн 143 мектебин компьютерлер менен камсыздап, мугалимдер жана окуучулар үчүн заманбап маалымат ресурстарынын жана Интернет дүйнөсүнө жол ачып берүүнү алдына максат кылып койгон. Эми алар USB-модем жана SIM–карта аркылуу аалам желесине саякаттай алышат. Долбоорго катышкан мектептердин бардыгы эркин базалык камсыздоодогу 7 компьютер жана атайын эмерек менен камсыз болушкан.

Долбоорго катышкан мектептердин тизмеси компаниянын расмий сайтында жайгаштырылган. «Mega Билим» долбоорунун II этабында «Mega Билим» кучагына алган мектептерди 7-9- класстар үчүн информатика жана маалымат технологиялар боюнча атайын иштелип чыккан усулдук колдонмолор менен камсыз кылуу мерчемделген. Өнөктөштөр менен биргеликте маалымат технологияларын өнүктүрүүгө байланышкан бир катар долбоорлорду колдоого алынган билим берүү мекемелерине өткөрүп берүү маселеси да каралууда.

Улуттук мобилдик оператору «Mega Билим» билим берүү долбоорун ишке ашыруу менен, өлкөдөгү билим берүү тармагына маалымат технологияларын жайылтууга өз салымын кошуп келет. Бул болсо, коомчулуктун көйгөйлөрүн чечүүгө, алыскы аймактардагы айылдардын, шаарчалардын тургундарын санарип технологиясынан толук кандуу пайдалануусуна көмөктөшүп, ар тараптуу өнүгүүсүн колдоого даяр экендигинен кабар берип турат

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү MegaCoм компаниясы 100 пайызга мамлекеттик уюлдук оператор болуу менен абоненттерди жогорку деңгээлде тейлөөнү алдыңкы орунга коюп, туруктуу негизде улуттук баалуулуктардын, тилдин жана маданияттын өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүп келет. Мобилдик оператор тарабынан колдоого алынып жана ишке ашырылып келе жаткан долбоорлор тууралуу учкай кеп сала кетсек:

Компаниянын ички жараяндары мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган. Маселен, www.megacom.kg расмий сайтты ачууда баштапкы абалы кыргыз тилинде, компаниянын кызматкерлеринин арасында сөз байлыгын байытуу боюнча атайын тренингдер өткөрүлүп турат.

Мобилдик сабаттуулук сабактары Бүгүнкү күндө, мектеп окуучуларынын басымдуу бөлүгү мобилдик телефондордун, смартфондордун жана планшеттердин пайдалануучусу болуп келет. Интернет желесинде залал алып келүүчү жана алдамчылыкка багытталган контент көп болгондугу шексиз. Келечек муунду аталган контенттен сактоо, мобилдик телефондон туура пайдалануу, мобилдик шылуундуктун алдын алуу, мобилдик этикет жана уюлдук байланыштын иштөө принциптери менен тааныштыруу максатында, MegaCom уюлдук операторунун тапшырыгы боюнча атайын мультфильм тартылган.MegaCom компаниясы, социалдык жоопкерчиликтүү ишкерлик алкагында өз абоненттерин коргоо максатында, калк арасында мобилдик сабаттуулук сабактарын өткөрүп келет. Оператордун адистери мобилдик сабаттуулук сабактарын өтүү максатында өлкөбүздүн ЖОЖ студенттери жана буга чейин «Mega Билим» долбооруна кирген, алыскы аймактардагы мектеп окуучулары менен жолугушуулар өткөрүлгөн.

Mega Футбол Футбол оюнуна кайдыгер карабаган жаш спортчуларыбызга ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү максатында, алгачкылардан болуп, 2011-жылы Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында кичи-футбол аянтчасы курулган. Көл кылаасынан башталган бул жөрөлгө республиканын башка аймактарында уланып, Баткен жана Ош шаарларында чакан футбол аянтчалары курулуп пайдаланууга берилген. Долбоордун алкагында Талас шаарындагы стадион компаниянын колдоосу менен ремонттолгон.

Олимпиада 2016 5-августтан 21-августка чейин Рио-де-Жанейродо (Бразилияда) өткөн 2016-ж. XXXI жайкы Олимпиада оюндарында MegaCom байланыш оператору Кыргызстандын курама командасынын Башкы өнөктөшү деген эксклюзивдүү макамды алган.

Долбоордун негизги максаты- чыгаан спортчуларыбыз аркылуу мекен байрагын көккө желбиретүү, спорт менен машыгууга жана сергек жашоого үндөө.

MegaCom кикбоксинг, шахмат жана күрөш боюнча улуттук спорттук мелдештерге демөөрчүлүк кылып, Кыргызстандагы спортту өнүктүрүүну көз жаздымда калтырбай келет. Өзүбүз күбө болуп жүргөндөй эле, өлкөбүздүн алдыңкы уюлдук оператору бир катар ири спорттук иш-чаралардан түз алып көрсөтүүгө көмөк көрсөтүп келет.

MegaCom Аллеяcы - Жал кичирайонундагы Эне-баланы коргоо Улуттук борборунун аймагын тазалоого жана жашылдандырууга багытталган долбоор.

Кыргызстандын ар облустарынан жана коңшу мамлекеттерден келген 100 миңдеген бөбөктөр, өспүрүмдөр ден соолугун чыңдай турган бул балдар ооруканасы Бишкек шаарынын транспорт тынымсыз өтүп турган борбордук көчөсүндө жайгашкандыктан, автоунаалар тарабынан иштетилген зыяндуу газдар абаны булгап турат.

Бул маселеге экологиялык, илимий, медициналык көз караш менен сереп салып, туура баа берген MegaCom компаниясы оорукана аймагын жашылдандырып, ландшафттык дизайн түзүү менен кичине бейтаптарыбыздын тез сакайып кетүүсүнө өбөлгө боло турган ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүдө.

MegaCom - II Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын Башкы демөөрчүсү MegaCom компаниясы 2016-жылдын сентябр айынын 3нөн 8не чейин Ысык-Көл жээгинде болуп өткөн II Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын Башкы демөөрчүсү болгону тууралуу сыймыктануу менен билдирет. Быйылкы жылы элдин назарын өзүнө бурган спорттун 26 түрү боюнча мелдештер, маданий-массалык иш-чаралар, кечки концерттер, дүйнө өлкөлөрүнүн этникалык жана элдик оюндары көрсөтүлдү.

Өзгөчө маданий иш чараны уюштурууга MegaCom компаниясы ар тараптуу жардамын көрсөттү. Техникалык адистер тарабынан тармактын сыйымдуулугун кеңейтүү максатында жаңы базалык станцияларды куруу иштери аткарылды, бул өз учурунда II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна келген катышуучуларга жана көп сандагы конокторго байланышта болуу мүмкүнчүлүгүн түздү. Кененирээк https://www.megacom.kg/pages/megacom-ii-world-nomad-games?locale=kg

Учурда MegaCom компаниясы курулушту долбоорлоо жана электр байланыш тармактарына байланыштуу төмөндөгүдөй лицензияларга ээ:

  1. Электр байланыш тармагында ишмердүүлүк жүргүзүү укугуна Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттигинин 2009-жылдын 6-июлундагы № 09-750-КР лицензиясы (GSM стандартындагы уюлдук кыймылдуу радиотелефон байланыш кызматтарын көрсөтүү).
  2. Маалымат берүү тармагында ишмердүүлүк жүргүзүү укугуна Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттигинин 2009-жылдын 6- июлундагы № 09-751-КР лицензиясы.
  3. Электр байланыш тармагында ишмердүүлүк жүргүзүү укугуна Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттигинин 2009-жылдын 21-июлундагы № 09-756-КР лицензиясы (мобилдик байланыштын «WCDMA/UMTS» 3G үчүнчү муун стандартындагы кыймылдуу уюлдук радиотелефондук байланыш кызматтарын көрсөтүү).
  4. Шаар курулуш жана долбоордук-изилдөө жумуштары үчүн Курулуш жана аймактык өнүгүү боюнча Мамлекеттик агенттиги тарабынан берилген 2013-жылдын 13-февралындагы № 04816 лицензиясы. Курулушту долбоорлоо жана конструкциялоо (өндүрүштүк багыттагы объектилер, анын ичинде мачталар). Башкы долбоор түзүүчүнүн функцияларын иш жүзүнө ашыруу.
  5. КР УБА № 14-1113 лицензиясы – электр байланыш кызматтарын көрсөтүү жана 2G, 3G жыштыктарын пайдалануу менен берилиштерди өткөрүү үчүн радио жыштык спектрин пайдаланууга (19.12.2014)
  6. КР УБА № 14-1143 лицензиясы – электр байланыш кызматтарын көрсөтүү жана РРС, WiFi үчүн жыштыктарды пайдалануу менен берилиштерди өткөрүү үчүн радио жыштык спектрин пайдаланууга (19.12.2014)
  7. КР УБА № 14-1133 лицензиясы – электр байланыш тармагында ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө (19.12.2014)
  8. КРӨ МБА №15-1446-КР лицензиясы 01.10.2015-ж.- 01.10.2015-жылдын 1-октябрындагы №98-1/1 Токтомунда көрсөтүлгөн жыштыктардын номиналдарын колдонуу менен маалымат берүү жана электр байланыш кызматтарын көрсөтүү үчүн радиожыштык спектрин колдонууга
  9. КРӨ МБА №15-1433-КР лицензиясы 21.10.15-ж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик байланыш агенттигинин 2015-жылдын 18-сентябрындагы №97-1/7 Токтомунда көрсөтүлгөн маалымат берүү жана электр байланыш кызматтарын көрсөтүү үчүн радиожыштык спектрин колдонууга

Бештин айы 2016

Жетинин айы 2016

Тогуздун айы 2016

Аяк оона 2016

Баш оона 2016

Теке 2016

Кулжа 2016

Бугу 2016

Чын куран 2016

Жалган куран 2016

Бирдин айы 2016

Үчтүн айы 2016

Бештин айы 2015

Жетинин айы 2015

Тогуздун айы 2015

Аяк оона 2015

Баш оона 2015

Теке 2015

Кулжа 2015

Бугу 2015

Чын куран 2015

Жалган куран 2015

Бирдин айы 2015

Үчтүн айы 2015

Баш оона 2014

Теке 2014

Кулжа 2014

Бугу 2014

Чын куран 2014

Жалган куран 2014

Бирдин айы 2014

Үчтүн айы 2014

Бештин айы 2013

Жетинин айы 2013

Тогуздун айы 2013

Аяк оона 2013

Баш оона 2013

Теке 2013

Кулжа 2013

Бугу 2013

Чын куран 2013

Жалган куран 2013

Жетинин айы 2012

Тогуздун айы 2012

Аяк оона 2012

Баш оона 2012

Теке 2012

Кулжа 2012

Бугу 2012

Чын куран 2012

Жалган куран 2012

Бирдин айы 2012

Үчтүн айы 2012

Бештин айы 2011

Жетинин айы 2011

Тогуздун айы 2011

Аяк оона 2011

Баш оона 2011

Кулжа 2011

Бугу 2011

Чын куран 2011

Жалган куран 2011

Бирдин айы 2011

Бештин айы 2010

Жетинин айы 2010

Тогуздун айы 2010

Аяк оона 2010

Баш оона 2010

Теке 2010

Кулжа 2010

Бугу 2010

Чын куран 2010

Жалган куран 2010

Бирдин айы 2010

Үчтүн айы - Аяк оона 2010

Бештин айы 2009

Жетинин айы 2009

Аяк оона 2009

Кулжа 2009

Чын куран 2009

Жалган куран 2009

Жетинин айы 2008

Аяк оона 2008

Теке 2008

Кулжа 2008

Үчтүн айы 2008

Бештин айы 2007

Жетинин айы 2007

Чын куран 2007

Бирдин айы 2007

Бештин айы 2006

Жетинин айы 2006

Аяк оона 2006

Баш оона 2006

Теке 2006

Кулжа 2006

Чын куран 2006

Жалган куран 2006

Кулжа 2005

Бирдин айы 2005

Бул шилтеме аркылуу уюлдук оператордун сапат жаатындагы саясаты менен тааныша аласыз https://www.megacom.kg/pages/politika-v-oblasti-kachestva