«Түндүк» (original) (raw)
«Түндүк» ВЭӨТтүн
кӨрсӨткүчтӨрү
185
Маалымат алмашуу
ишке киргизилген
186
254 млн
G2G транзакциялардын
саны
604 млн
G2B транзакциялардын
саны
Мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле адам факторун азайтуу жана мамлекеттик органдардагы коррупциялык түзүүчү элементин жокко чыгаруу максатында Кыргыз Республикасы маалыматтык технологияларды ишке киргизүүгө жогорку маани берет.
Мамлекеттик башкарууну санариптештирүүнүн башкы натыйжаларынын бири болуп мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды алууда жөнөкөй жарандар жана ишкерлер үчүн шарттарды кыйла жакшыртуу болуп калышы керек.
Жарандардын жана мамлекеттин ортосундагы электрондук өз ара аракеттенүү жарандардын каражаттарын жана убактысын кыйла үнөмдөйт жана мамлекеттик аппаратты камсыздоого чыгымдарды төмөндөтөт. Санариптик технологияларды киргизүү бизнес менен жарандардын чиновниктер менен өз ара аракеттeнүүсүнүн ачыктыгына шарт түзөт жана калктын мамлекетке болгон ишенимин жогорулатуунун куралы катары кызмат кылат.