Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети селден жабыркаган Темир айылынын тургундарын көчүрүү чечимин кабыл алды (original) (raw)

Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынында 2024-жылдын август айында селден жапа чеккен Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Садыр-Аке айыл аймагынын Темир айылынын тургундарын көчүрүү чечими кабыл алынды.

Чечим селден жабыркаган Темир айылынын тургундарынын коопсуздугун камсыздоо жана жашоо шарттарын жакшыртуу максатында кабыл алынган. Анда жарандарды коопсуз аймактарга көчүрүү, керектүү жардам жана колдоо көрсөтүү каралган.

Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн корутундусун жана Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын чечимин эске алуу менен шашылыш түрдө иштелип чыкты.

Министрлер Кабинетинин башка чечими менен Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Балбай айыл аймагынын аймагында жайгашкан жер тилкеси «Запастагы жерлер» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка максаттардагы жерлер» категориясына өзгөртүлдү

Мындай чечим Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Балбай жана Ысык-Көл айыл аймактарынын аймагында лыжа комплексин куруу үчүн кабыл алынган.