Экс-депутат, "Эмакомдун" мурдагы ээси Эмилбек Жусупов 11-ноябрга чейин камакка алынды (original) (raw)
Бүгүн, 26-сентябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда Жогорку Кеңештин экс-депутаты, "Эмаком" курулуш компаниясынын негиздөөчүсү жана мурдагы башкы директору Эмилбек Жусуповдун бөгөт чарасы каралды. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, сот аны 11-ноябрга чейин камакка алуу чечимин чыгарды.
Кечээ Бишкек шаардык милициясы Жусуповдун кармалганын кабарлаган.
Ал компаниянын башка кызматкерлери менен өз ара сүйлөшүп, батир берүүнү убада кылып, үлүшчүлөргө 61 миллион сомдон ашык материалдык зыян келтирген деп айыпталууда.